Коргоо министрлиги Түркияга аскердик чатырларды жөнөтөт

 Коргоо министрлиги Түркияга аскердик чатырларды жөнөтөт

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам катары аскердик чатырларды жөнөтөт. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 600 адамга ылайык келген чатырлар Коргоо министрлигинин Орук базасында камдалып даяр турат. Бул чатырлар 20, 30 жана 40 адамга каралып, 4 мезгилге ылайыкташтырылган.

Мындан тышкары, министрликтин аскер кызматчылары бир күндүк айлык-маянасын которушат.

Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар