Коргоо министри Кыргызстанда учкучсуз аппарат чогултулуп жатат делген маалымат боюнча үн катты

 Коргоо министри Кыргызстанда учкучсуз аппарат чогултулуп жатат делген маалымат боюнча үн катты

Буга чейин интернет айдыңында Кыргызстанда алгачкы жолу SAARA-02 аталышындагы учкучсуз аппарат чогултулганы айтылып, анын видеосу тараган. Маалыматта SAARA-02 эки жыл аралыгында куралып, Баткенде текшерүүдөн өткөнү жазылган.

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов бул маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Учкучсуз аппараттарды биз бүгүнкү күндө жапырт кыргын салуучу курал катары көрбөйбүз. Аны үй шартында жер төлөөлөрдө деле балдар жасап жатат. Андайлар Кыргызстандын ичинде көп. Мүмкүн жасалып жаткандыр. Ага бир камуфляждык өң берип, учуруп койсо… андай болгондур. Биз кайсы жакта эмне кылып жатканыбыздын баарын айта албайм. Мен аскер адамымын, мамлекеттик сыр деген болот”, – деди Бекболотов.

Ошентип коргоо министри Кыргызстан учкучсуз аппаратты чогултканы тууралуу маалыматты четке кагып, бирок ошол эле учурда ырастабай турганын белгиледи.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар