Коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн депутат Тазабек Икрамовго айып салынды

 Коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн депутат Тазабек Икрамовго айып салынды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салынды. Кайгуул милициясынан кабарлашкандай, депутат унаа айдап бара жатып, коопсуздук курун тагынган эмес.

Ал үчүн тийиштүү протокол толтурулуп, Икрамовго 1000 сом айып салынган.

«Мыйзамды сыйлаган, коомчулуктун сын пикирин эске алган эл өкүлү катары жоопкерчиликти алып, өзүнө карата түзүлгөн протоколго макулдугун берди», — деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар