Конституциянын кабыл алынганына 30 жыл. Президент майрамга даярдык көрүүнү тапшырды

 Конституциянын кабыл алынганына 30 жыл. Президент майрамга даярдык көрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Даярдык көрүү боюнча белгиленген тапшырмалар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы уюштурулсун.
  3. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эмгектин ардагерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, конфессиялар аралык жана улуттар аралык достукту жана ынтымакты бекемдөөгө, демократиялык реформаларды тереңдетүүгө, адилеттүү жарандык коомду курууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коомдогу ролун жана маанисин кеңири пропагандалоого, жаш муунду мыйзамды урматтоо, Мекенди сүйүү жана берилгендик рухунда тарбиялоого татыктуу салым кошкон башка адамдар сыйланат деп белгиленсин.
  4. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы менен чет мамлекеттердин жарандары сыйланышы мүмкүн.
  5. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалдарын жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.

Белгилесек, 2023-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгына 30 жыл толот.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар