Конституциянын 30 жылдыгына карата медаль чыгарылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.
Ага ылайык,“ Конституциянын 30 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобо жана юбилейлик медалга күбөлүктүн формасы бекитилген.
“Президенттин иш башкармалыгына 2023-жылдын 1-майына чейин “КР Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалдарын жана аларга күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылуу тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.