Добуштарды кол менен саноонун 90%ы бүттү. 6 партия босого баллдан өттү

Бүгүн, 3-декабрь саат 9:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуштардын 90,06 пайызы кол менен саналып бүтү, маалыматтык серверге киргизилди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлаган.
Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.
Добуштардын 90 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар 5 % босогодон өттү:
«Ата-Журт Кыргызстан» — 16,19%,
«Ишеним» — 13,70%;
«Ынтымак» — 11,23%;
«Альянс» — 7,96%;
«Бүтүн Кыргызстан» — 6.57%;
«Ыйман Нуру» — 6,19%.