ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кочкордо “КамАЗ” менен жеңил унаа кагышып, 4 адам жабыркады

 Кочкордо “КамАЗ” менен жеңил унаа кагышып, 4 адам жабыркады

2-декабрдын түнкү саат 21:08 чамасында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгы катталганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге  4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жанылыктар