Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулуп, ачылышына президент катышты

Нарын облусунун Кочкор районунун борборуна өлкөнү 25 жыл жетектеген мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели тургузулду. Ачылышы бүгүн, 11-мартта өтүп, ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров куттуктоо сөз сүйлөп: “Нечен кылымдарды башынан кечирген кыргыз элинин тарыхында жамы журттун намысын жогору койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгон. Алардын бири – Турдакун Усубалиев”, — деп белгиледи.
Райондук администрацияга эстелик орнотуу демилгесин аким Курбанбек Камчиев көтөрүп, жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашкан.
Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы, өлкө башчысы кызматын аркалаган. Ал жетектеп турган жылдарда Кыргызстанда бардык тармак, айрыкча, өнөр жай, айыл чарба, маданият, билим берүү тармагы өзгөчө өнүккөн.
Тудакун Усубалиевди замандаштары «Токтогул ГЭСинин жана Бишкек шаарынын башкы архитектору» деп эскерип келишет.