КМШ менен ШКУнун байкоочулар миссиясы, ТүркПА шайлоонун ачык-айкын өткөнүн баалашты

 КМШ менен ШКУнун байкоочулар миссиясы, ТүркПА шайлоонун ачык-айкын өткөнүн баалашты

КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын алда ала жыйынтыгын көрсөткөн сервериндеги мүчүлүштүктөргө токтолуп, добуштарды ачык-айкын эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүнө ишеним билдирди.

“КМШнын байкоочулар миссиясынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөө мумкүнчүлүгү жок, бирок биз бийлик аны иретке келтирип, добуштарды ачык-айкын эсептөө үчүн бардык зарыл иштерди жасайт деп ишенебиз. Биз Кыргызстанда туруктуулук болуп, анын гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз”, – деди Лебедев.

Ушул эле күнү Түрк тилдүү парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) келген байкоочулар дагы шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат берди. Түркиянын депутаты Режеп Шекер Кыргызстанда шайлоо жогорку уюшкандыкта, Кыргызстандын жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн, өзгөчө майыптыгы бар жарандарга бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ачык-айкын, ишенимдүү жана демкоратиялуу өттү деп тааныды. Бишкектеги брифингде ШКУнун башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов:

“Биз өз ишибизде президенттик жана парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумда ШКУнун байкоочуларынын миссиясы жөнүндө жобону жетекчиликке алдык. Ошону менен бирге саясий бейтараптуулуктун, объективдүүлүктүн жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөчүлүктүн принциптерин, КР Улуттук мыйзамдарын так сактоо менен ЖК депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын иштелип чыккан иш программасына ылайык өз ишин жүргүздү иш жүргүздүк”, – деп белгиледи.

Кечээ, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

“Ата-Журт Кыргызстан” – 16.

“Ишеним” – 13

“Ынтымак” – 10

“Альянс” – 8

“Бүтүн Кыргызстан” – 6

“Ыйман нуру” – 5 пайыз добуш алган.

Жанылыктар