Кикбоксер Канатбек Сыдыгалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кикбоксер Канатбек Сыдыгалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын WAKO кикбосинг федерациясы соцтармакка билдирүү калтырды.
Сыдыгалиев 44 жашында көз жумду.
Ал 1999-2000-жылдарда кикбоксинг боюнча Евразиянын чемпиону, 2000-жылы Европа чемпионатынын коло байге ээси, 1999 жана 2001-жылдары Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси, 2003-жылы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси, 2003-жылы Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, 2002-жылы Европа чемпиону. 2003-жылы профессионалдар арасында, 2004-жылы профессионалдар арасында континенттер аралык чемпион болгон.