Киевдеги ракеталык соккулардан каза болгондор жана жаракат алгандар бар

 Киевдеги ракеталык соккулардан каза болгондор жана жаракат алгандар бар

Бүгүн, 10-октябрь күнү эртең менен Киевде бери дегенде эле беш жарылуу болду. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар.Шаар мэри Виталий Кличко чабуулга баш калаанын Шевченковский району кабылганын билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, ракеталардын бири Михаил Грушевскийге тургузулган эстеликтин айланасына түшүп, жолдон өтүп бараткан автоунаалар өрттөндү. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин айтты.

Кийинчерээк Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко Киевге жасалган ракеталык соккулардан беш киши өлүп, 12си жараат алганын билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский набыт болгондор бар экенин ырастады.

“Бизди 229 күндөн бери жок кылып, жер менен жексен кылууга аракет кылып жатышат. Запорожьеде үйүндө уктап жаткан адамдарды, Днепр менен Киевде жумушка бара жаткан адамдарды өлтүргүлөрү келүүдө. Украинанын бардык аймактарында аба айгайы токтобой жатат. Ракеталар түшүп, тилекке каршы адамдар каза болгон жана жараат алган учурлар да бар. Баш калкалоочу жайлардан чыкпашыңарды өтүнөм”, – деди президент.

Украинанын маданият министри Александр Ткаченко Киевди аткылоонун жыйынтыгында филармониянын, Богдан, Варвара Ханенко жана Шевченко музейлеринин имараттары зыянга учураганын билдирди.

Акыркы жолу Киев июнь айынын аягында ракеталык аткылоого кабылган. Анда шаарды көздөй 14 ракета атылып, алардын бири Шевченковский районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийген. Жыйынтыгында бир киши өлүп, алты адам жаракат алган.

Жанылыктар