“Кесиптик билимдин жоктугу жумушсуздукка себепкер”. Өлкө жакырчылыктын чегинен чыга элек

 “Кесиптик билимдин жоктугу жумушсуздукка себепкер”. Өлкө жакырчылыктын чегинен чыга элек

Токтогул районунун тургуну Миргүл Беделбаеванын үй-бүлөсү социалдык жактан колдоого муктаж. Жолдошунун туруктуу жумушу жок болгондуктан, жүк ташып акча таап жүргөн. Бирок, акыркы эки жылдан бери ашказаны ооруп, оор жүктөрдү көтөрүүгө чамасы жетпей калган. Алардын жети перзенти бар. Жакырчылыктын кесепетинен балдарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыздоо башкы көйгөйлөрдүн бирине айланды.

“Балдарыбыздын эң чоңу 14 жашта, кичүүсү 3 айлык болду. Баарына мамлекеттен жөлөк пул алып турабыз. Ал акча ижара акысынан ашпайт. Өзүбүздүн турак-жайыбыз жок болгондуктан эки бөлмөлүү батирде убактылуу жашап жатабыз. Орозодо кайрымдуу адамдар азык-түлүктөн жардам беришкен. Ошондон үнөмдөп колдонуп жатам. Антпесе тамак-ашка акча жок. Жолдошум экөөбүз тең мектепти бүткөндөн кийин кесиптик билим алган эмеспиз”,-деди Беделбаева. 

Ал эми Ош облусунун тургуну Фатима Сайдалимова төрт баласын жалгыз багууга аргасыз. Жолдошу Казакстанга иштегени кетип, бир жылга чукул убакыттан бери акча жөнөтө элек. Анын үстүнө Фатиманын туруктуу жумушу жок. Балдарына жөлөк пул берилбейт. 

“Өзүбүздүн үйүбүз жок. Ош менен Жалал-Абадда батирлерде көчүп жашап жүрдүк. Азыр Өзгөн районундагы үйлөрдүн биринде ижарада турабыз. Балдарга пособия алыш үчүн үйдүн кызыл китеби керек экен. Мен дагы көбүнчө ишсиз отуруп калганда акчадан кыйналып калат экенбиз. Мисалы, ижара акысын акыркы 4 айдан бери төлөй элекмин”, – деди карманыбыз.

Социалдык камсыздоо министрлигинен билдиришкендей, жакырчылыкка жумушсуздук, экономикалык абал жана жарандардын билим деңгээли себеп болууда. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн абалы тапкан кирешесине жараша аныкталат. Тагыраагы, үй-бүлөлүк кирешени жан башына бөлгөндө 1 000 сомдон ашпаса, бул үй-бүлө жакыр деп эсептелет. Алар каттоого алынып, 16 жашка чейинки  балдардын ар бирине ай сайын “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чегерилип турат. 

Министрликтин алдындагы социалдык коргоо департаментинин бөлүм башчысы Динара Орозобекова жөлөк пул үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарбаса дагы күнүмдүк тамак-ашына жарай турганын билдирди. Буга чейин пособиянын өлчөмү жан башына 810 сомдон чегерилип келген. 1-июндан тарта пособия көбөйүп, эми ар бир балага 1 200 сомдон төлөнөт.

Жакырчылыктын себептери. Кырдаалдан кантип чыгууга болот?

Жакында эле Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээлин БУУнун жакырчылык боюнча атайын докладчысы Оливье Де Шуттер анализдеп чыкты. Ал ушул жылдын 23-майынан 3-июнуна чейин министрликтер, аймактык бийлик өкүлдөрү жана оор турмуштук кырдаалда жашаган адамдар менен жолугушкан. Оливье Де Шуттер иш сапарынын соңунда калктын 70 пайызы кедейликте жашап жаткандыгын билдирди. Аз камсыз болгондор айыл жеринде басымдуулук кылат. 

Көз карандысыз эксперт жакырчылыкка негизинен жумушсуздук себеп болуп жатканын жана жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылуу аркылуу кырдаалдан чыкса болорун белгилеген. Ошону менен бирге ар бир балага бирдиктүү жөлөк пул төлөө системасын кабыл алуу керек экендигин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов дагы өлкөдө жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдөн сырткары социалдык жактан колдоого муктаж адамдар көп экендигин билдирди. Мисалы, мыйзам боюнча эски автоунаасы же сыналгысы бар болсо, ал үй-бүлө колдоого муктаж эмес деп каттоого алынбай калууда.

Эл өкүлү жакырчылыктан чыгуу үчүн биринчи кезекте билим берүү тармагына көңүл буруу керектигин сунуштады. Себеби көпчүлүгү балам мектепти бүткөндөн кийин иштеп акча таап келсе бизге жеңил болот деген түшүнүктө жашашат. Анын ордуна балдарды жок эле дегенде лицейлерде кесиптик билим алууга шарт түзүп берүү керек.

“Моюнга алыш керек, Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыга элек. Буга коронавирустун жайылышы, бат-баттан өткөрүлгөн шайлоолор дагы таасирин тийгизип жатат. Мындай кырдаалдан ишкерлерге колдоо көрсөтүү аркылуу чыксак болот. Мисалы, ишкерлерге салык жагынан жеңилдик берген мыйзам долбоору бар. Ал жемишин берсе бизнес тармагы өнүгөт. Анын арты менен ишкерлер чакан жана орто ишканаларды ачып, жумуш орундары көбөйөт”,- деди эл өкүлү.  

Балдардын укугун коргоо боюнча эксперт Назгүл Турдубекованын айтымында, жакырчылыкка көбүнчө жалгыз бой энелер дуушар болуп жатышат. Ажырашуулардын айынан көпчүлүгү балдары менен баш паанексиз, жумушсуз калышат. Балдарын бакчага берип иштейин десе, өлкө аймагында бала бакча дагы тартыш. Бир чети аялдардын билимине байланыштуу ыңгайлуу жумуш табуу да кыйынга турат. Ошондуктан оор кырдаалда жашаган эне-балага жардам бере турган кызматтарды түзүү маанилүү.

Турдубекова белгилегендей, өнүккөн өлкөлөрдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кризистен алып чыгып кете турган мүмкүнчүлүктөр бар. Адистер жеринде каражат табуу, чогултуу, бизнес баштоо боюнча кеңештерди беришет. Ушул сыяктуу эле Кыргызстанда ар бир адамдын эмгек потенциалын өнүктүрүүгө басым жасай турган үй-бүлөнү колдоо кызматтары түзүлүш керек.

“Бүгүнкү күндө эненин билими жок болсо ар кайсы жактан жумуш издеп жатып, Кыргызстандын өзүндө эле мигрантка айланат. Бизде мындай көрүнүштөр көп катталат. Бир айдын ичинде балдары менен 15 жолу көчүп жашаган энелер бар. Ошентип отуруп акчасы аз кара жумуштарды араң табышат. Болгондо дагы күнүмдүк оокатты табабыз деп балдары менен талаалап жүрүшөт. Бүгүнкү күндө алардын профессионалдык потенциалдарын жаңылап, кесиптик билим ала турган окууларды уюштуруп берүү керек. Анын негизинде иш орундарын жашаган жеринен эле таап бергенге аракет жасоо зарыл. Себеби жакырчылыкта жүргөн адамдар талаалап жумуш издеп жүрбөшү керек”.   

Жакырчылыкты  жоюуга багытталган долбоор иштеп жатат

Жыл башында өлкөдөгү турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштаган. Социалдык камсыздоо министрлиги эл аралык уюмдардын колдоосу менен Баткендин Кадамжай районунан жана Нарын облусунун Жумгал районундагы аз камсыз болгон жарандарга финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүп, ишкерлик баштоого долбоор жазууну үйрөтүштү. 

Жыйынтыгында 100 үй-бүлө тандалып алынып, аларга 100 миң сомдон грант берилген. Жарандар каражатты туруктуу иш менен камсыз болуу жаатында колдонуп жатышат.

Бүгүнкү күндө 100 үй-бүлөнүн 57 пайызы мал чарбачылыгы жана сүт өндүрүү, 19 пайызы соода, тамак-аш жана кондитердик азыктарды өндүрүү тармагында, 14 пайызы курулуш жана оңдоо иштери боюнча, калган 10 пайызы тигүүчүлүк менен алектенишүүдө.

Маселен, Кадамжай районунун тургуну Абыталип Маматовдун үй-бүлөсү жакырчылыктын чегинде жашачу. Жумушсуздуктун айынан жубайы экөө алты баланы багууда каражаттан аксап келишкен. Ошондуктан жогорудагы долбоорго катышып, нан жаап сатуу боюнча долбоор жазышкан. Натыйжада бул үй-бүлөгө акчалай грант бөлүнүп, ага нан жабууга керектүү жабдууларды жана ун сатып алышты. 

Учурда Абыталип мырза жубайы менен бөлкө даярдап сатыкка чыгарышууда. Аны менен кошо буюртмаларга жараша самса, кекс, момпосуй сыяктуу азыктарды дагы жасашат. Негизгиси чакан бизнес түптөлүп, үй-бүлөлүк бюджетке туруктуу киреше түшүп жатат. Жубайлар айына 15 миң сомдон 26 миң сомго чейин пайда табышууда.

“Бул долбоор бир эле биздин үй-бүлө үчүн эмес башкалардын жакшы жашоосуна дагы салым болууда. Мына азыр бөлкө жасап дүкөндөргө таратабыз. Башка айылдардын дагы дүкөндөрүнө жөнөтүп жатабыз. Мындан тышкары, бала-бакчалар менен келишим түзгөнбүз. Үч бакчага күнүнө 180 даанага чейин нан жаап беребиз. Алдыда дагы кардарларды көбөйтүү үчүн аракет кылып жатабыз”.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу пландалууда. 

Балдарды эмгекке үйрөтүү аракети

Кайрымдуу адамдардын жардамы менен өлкөдөгү кайрымдуулук фонддордун бири калктын жакырчылыкта жашаган катмарына кесиптик билим берип жатат . Мында ата-энелер гана эмес, балдар дагы эмгекке үйрөтүлүүдө. Аларга тигүүчүлүк, чач тарач, IT тармагы сыяктуу акысыз окуу курстары уюштурулуп турат.

Кыргызстандын аймагында аткарылып келе жаткан бул долбоор аркылуу Ош шаарынын 15 жаштагы тургуну Венера ашпозчукка окуду. 

“Венера биздин туң кызыбыз. Мектепте 9-классты бүткөндөн кийин окууну улантпады. Анан бул доолбордун алкагында эки ай акысыз ашпозчулук курсуна катышты. Азыр үйдө момпосуй сыяктуу азыктарды өзү жасап калды. Ишке киргени бир аз жашы жете элек деп турабыз. Буюрса кондитердик цехтерде иштесе деген максатыбыз бар”, деди апасы Каныкей Касекова.

Бүткүл дүйнөлүк банк жыл аягына чейин Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 35 пайыздан 38 пайызга чейин өсүшүн кабарлады.

Ал эми эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы эң чоң көйгөйдүн бири  жумушсуздук экенин аныктаган. Жумушсуздуктун кесепети оор турмуштук кырдаалга алып келүүдө.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева

Жанылыктар