“Кесиптешин колдоп жатат”. Жаныкулов ЖКнын депутаттарына жооп берди

 “Кесиптешин колдоп жатат”. Жаныкулов ЖКнын депутаттарына жооп берди

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов дарегине Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сындарга жооп берди. 

Жаныкулов депуттаттар аймактагы көйгөй боюнча маалыматтары жок болгондуктан кесиптеши Нурбаевди колдоп чыгышканын белгилеп, мыйзам баарына бирдей экенин айтты.

“Депуттар бул жактагы маалыматты толук билбейт. Нурбаев мүмкүн сурангандыр мени колдоп койгула деп. Эми ал кишилерде маалымат жок да. Кандай болгон эмне болгону боюнча. Алар келип бизден сурашса биз баарын толук көрсөтүп бергенге даярбыз. Эмне себептен алар коллегасын колдоп чыгып жатат ал мага түшунүксүз. ЖКнын депутаты болгон эле киши мыйзамдан чыгып кетет деген эч жерде жок. Бүт баарыбыз мыйзамдын алдында бирдейбиз”, – деди Жаныкулов.

Ал Араван районундагы бир катар айыл өкмөттөргө элдин жана президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн тапшырмасы менен барып текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз фактыларды аныктаганын кошумчалады.

“Айыл чарба багытындагы жерлерди Нурбаев мыйзамсыз эле чет өлкөнүн жарандарына берип жатат. Алар белгисиз чөптөрдү эгип жатат теришитирип бергиле деген. Ал жерде социалдык обьектер, маданият үйү, тигүү фабрикасы, балдардын интернаты жана жер маселеси боюнча мыйзам тепселгенин аныктадык. Бир эле Анаров айыл өкмөтү эмес, Нурабад, Юсупов айыл өкмөттөрүндө жалпысынан 700 гектар жер алган. Биз ошонун баарын аныктадык. Документтер менен укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Териштирилип күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын деп маселе коюп жатабыз”, – деди Жаныкулов.

Ал эми эл өкүлү Жалалидин Нурбаевден комментарий алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.

Бүгүн апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Ош облусундагы президенттин өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов “депутат Жалалидин Нурбаевди каралап жатат” деп айтып чыгышты.

Депутат Өмүрбек Бакиров бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Жанылыктар