Кербен тазалыктын орун басары куугунтук болуп жатканын айтып чыкты

 Кербен тазалыктын орун басары куугунтук болуп жатканын айтып чыкты

Аксы районунун борбору Кербен шаарынын, Кербен тазалык ишканасынын башчысынын орун басары Туратбек Коконбеков белгисиз себептен суракка чакырылганын айтууда. Аны Аксы раойндук ички иштер бөлүмү суракка чакырган. Ага карата мэриянын 2 кызматкери арыз жазганы негиз болгон.

Ал бул ишти өзүнө карата куугунтук деп бааласа, мэрия аны төгүнгө чыгарууда. Коконбеков окуяны мындайча түшүндүрдү.

«Мени Аксы райондук ичики иштер бөлүмүнө суракка чакырышты. Барганымда сен мэриянын кызматкерин сөгүпсүң деп айтышты. Бирок, алардын арызын көрсөткөн жок. Мени үч ирет суракка бардым. Ким эмне деп жазганы белгисиз. Кайсы кызматкерлерди сөккөнүмдү өзүм деле билбей жатам. Вице-мэр баш болуп менин үстүмөн арыз дагы жаздырышы мүмкүн. Акыркы учурларда мага карата ар кандай басмырлоолор болуп жатат. Иш учурунда мени суракка чакырып, иш жасоого тосколдуктар болду. Акыркы жолу суракка барганымда, мага карата жазылган арызга кайра тосмо арыз жазылды бара бер деп айтышты. Тосмо арызды көрөйүн же көчүрмөсүн бергиле десем беришкен жок. Балким булар кайра чакырып кылмыш ишин козгой бериши мүмкүн да. Бул иштер мага карата атайын эле бут тосуулар, куугунтук болуп жатат»,- деди ал.

Коконбеков ага карата жазылган арыздын ачыкталбай жатышында бир кызыкчылыктар дагы бар болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Ал өзүнө болгон куугунтук тууралуу интернетке жарыялап, интернетте кызуу талкуу жаратты.

Тазалыктын жетекчи орун басарынын айткандарын Кербен шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эдил Артыкбаев төгүндөөдө. Ал кызматкерге эч кандай куугунтук болбогонун айтты.

«Тазалыктын жетекчисинин орун басарын эч ким куугунтуктаган жок. Ал мэриянын 2 кызматкерине акарат келтирип, сөгүптүр. Алар барып арыз жазышкан. Бул ишке менин эч кандай тиешем жок. Кийин мен киришип тосмо арыз жаздырып, азыр эч кандай маселе жок. Эч кандай куугунтугу жок. Өз ара келишпестигинен улам ортодо чыр болгон»,- дейт Артыкбаев.

Мэр бирок, мэрияда кайсы кызматкерлер арыз жазганын ачыктаган жок. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн бул иш тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кербен тазалык ишканасы өткөн жылдын экинчи кварталында өзүнчө иш кана катары бөлүнгөн. Ишкана өзүн-өзү каржылоочу ишкана катары түзүлүп, анын кызматкерлери 20дан 50гө чейин көбөйтүлгөн.

Жанылыктар