Келишимге кол коюлду. Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай компаниясы курат

24-мартта “Чакан ГЭС” ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул туурасында Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.
Маалымат: Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.