Кечки саат 6га карата шайлоочулардын 28,36%ы (1 млн 50 миң 163 жаран) добуш берди

 Кечки саат 6га карата шайлоочулардын 28,36%ы (1 млн 50 миң 163 жаран) добуш берди

Саат 18:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 1 млн 50 миң 163 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Аймактар боюнча: Бишкек шаарында — 119 677;  Ош шаары — 48 865; Жалал-Абад облусу — 201 617; Ысык-Көл — 84 730; Нарында — 66 155; Ош облусу — 227 348;Талас — 51 495; Чүй — 154 827; Баткен — 88 840 жаран өз тандоосун жасады.

Добуш бергендер жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 1 млн 37 миң 373 шайлоочу (28,66%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам өз тандоосун жасады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жанылыктар