Кечээ Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 10-февралда саат 14:44тө Ош облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында төрт балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында үч баллга жеткен.
Ал эми Сопу-Коргон, Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында үч балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында үч балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.