Кечээ, Бишкектен Сауд Аравияга алгачкы аба каттам учту (сүрөт)

 Кечээ, Бишкектен Сауд Аравияга алгачкы аба каттам учту (сүрөт)

Кечээ, 6-февралда Бишкектен Сауд Аравияга алгачкы ирет чартердик каттам аткарылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Анда ата мекендик “Эйр Манас” авиакомпаниясынын учагы Жидда шаарына учуп кеткен.

“Эйр Манас” авиакомпаниясы Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы биринчи оператору болуп дайындалып, Бишкек — Жидда — Бишкек багыты боюнча жумасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткармакчы. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Бишкек — Жидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчылардын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөрү айтылды. Ошондой эле Сауд Аравиянын башка шаарларына да каттамдарды ачуу пландалып жатканы белгиленди.

Жанылыктар