Казынага 3 млн сомдук зыян келген. Эсептөө палатасынын кызматкерлерлеринин жашыруун иши ачыкталды.

 Казынага 3 млн сомдук зыян келген. Эсептөө палатасынын кызматкерлерлеринин жашыруун иши ачыкталды.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100%ы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген  коррупциялык фактылар аныкталды.

Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О.Ж.” Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду. Ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилет.

Жанылыктар