Казынага 117 млн сомдук зыян келтирген. Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды

 Казынага 117 млн сомдук зыян келтирген. Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалганын Башкы прокуратура кабарлады. Ал мамлекетке көп суммада зыян келтирген деп шек саналып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2009-жылы Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти жана анын өнөктөшү (Д.Н.Э.) Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, 117 млн. сомго ун сатып алышканы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган.

Алар келишимдеги милдеттерин аткаруудан качып, 12 жыл бою сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып жүргөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 117 млн. сом зыян келтирилген.

Ошондой эле, шектүүлөргө С.А. аттуу адамдын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн. 705 миң сомго сатып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген деген да айып коюлду.

Башкы көзөмөл органы Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентинин аты-жөнүн толук жарыялабай, инициалын (Ш.К.А.) гана тараткан.

Ал эми Соода-өнөр жай палатасынын сайтында Шатманов Канатбек Асылбекович вице-президент экени жазылып турат. Экинчи шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды.

Жанылыктар