Казакстандыктар Нур-Султандын атын Астана деп өзгөртүүнү колдошту

Казакстандын жарандары Нур-Султандын атын Астана деп өзгөртүүнү колдошту. Бул боюнча социалдык тармактарда онлайн коомдук угуулар жүргүзүлдү.
Мамлекет тарыхы институтунун директорунун орун басары Бүркитбай Аяган мамлекетти өнүктүрүүдө биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин ролу баа жеткис экенин белгиледи.
«Астананын атын шаарга кайтаруу боюнча биздин сунушубуз коомду бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Менимче, Нурсултан Абишевич да түшүнөт, таарынбайт деп ойлойм», — деди ал.
Нур-Султандын маслихатынын катчысы Ерлан Каналимов Казакстандын баш калаасынын атын өзгөртүүгө үч жыл мурдагыга караганда аз каражат сарпталарын билдирди. Тагыраагы, Астана Нур-Султан деп өзгөргөнгө салыштырмалуу.
«Жалпысынан 2019-жылы мамлекеттик органдар бланктар жана мөөрлөрдү алмаштырууга 30 миллион теңгеге жакын (63 миң доллардан ашык ) акча жумшаган. Менимче, быйыл санариптик документ жүгүртүүгө өтүүнү эске алуу менен чыгымдар бир топ азыраак болот», — деди ал.
Бир күн мурун Казакстандын тургундары республиканын борборунун жаңы аталышына көнө электигин жана Нур-Султанды Астана деп атай беришкенин айтышкан.
Эске сала кетсек, 2 сентябрда депутаттар Нур-Султан шаарын Астана деп кайра өзгөртүүнү сунушташкан.
Бул сунуш 13-сентябрда өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин макулдугу менен конституциялык мыйзам долбооруна киргизилген.
Казакстандын борбор шаары Астана наамын 1998-жылы алган.