Телерадиокомпания

Казакстандын «Шабыркүл» кенинен 247 вагон көмүр келет. Баасы 4600 сомдон ашпайт

 Казакстандын «Шабыркүл» кенинен 247 вагон көмүр келет. Баасы 4600 сомдон ашпайт

Жакын арада Кыргызстанга Казакстанда 247 вагон көмүр келет. Импортер отундун тоннасын 4 миң 600 сомдон кымбат сатпоого милдеттеме алды.

Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги коңшу өлкөнүн «Шабыркүл» кенинен көмүр жеткирүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашканын билдирди.

«Шабыркүл» көмүрү Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы Шопоков, Кайыңды, Токмок жана Канттагы базаларда сатылат.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатыларын билдирген. 16-ноябрда борбор калаада Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштап, кардарлар көбөйгөндүктөн, кошумча кампа ачылган.

Жанылыктар