Казакстандын президентинин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

Казакстандын президентинин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Бул туурасында өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди.
“Ант берүү күнү аныкталды – 2022-жылдын 26-ноябры”, – деди Абдиров БШКнын жыйынында.
Казакстанда 20-ноябрда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча, азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев 81,31% добуш менен жеңишке жетти. Шайлоочулардын 69,44% добуш берүү жараянына катышты.