Токаев Нурсултан Назарбаевди бардык артыкчылыктардан жана улут лидери макамынан ажыратты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Биринчи президент – Элбасы жөнүндөгү”мыйзамдын күчүн жоготкон мыйзамга кол койду.
Анын негизинде экс-президент Нурсултан Назарбаевдин коопсуздугун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик казынанын эсебинен өмүр бою каржылык колдоо көрсөтүү жокко чыгарылды.
Буга чейин аталган мыйзам экс-президент Нурсултан Назарбаевге улут лидеринин статусун бекитип, ага өмүр бою жеңилдиктерди кепилдеген.
Өлкөнүн юстиция министри Азамат Эскараев мыйзам жокко чыгарылгандан кийин деле экс-президенттин кол тийбестиги корголо турганын билдирди.
Белгилесек, Нурсултан Назарбаев 1989-жылдын июнь айынан 2019-жылдын мартына чейин Казакстандын лидери болгон. 2010-жылдан тарта Казакстан Республикасынын биринчи президенти — Элбасынын расмий наамын алып жүрөт.