Казакстандын метеорологдору өлкөнүн 10 аймагында суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертти

 Казакстандын метеорологдору өлкөнүн 10 аймагында суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертти

Казакстандын метеорологдору спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу өлкө аймагынын 70% кар каптап турганын аныктап, күн кескин жылып кетсе суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертишти.

“Абанын температурасы кескин жогорулап, жаан-чачын көп жааса, Казакстандын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарындагы дарыяларда суунун деңгээли жогорулашы мүмкүн. Божомолдорго ылайык, март айында өлкө аймагынын көпчүлүк бөлүгү жылуу жана жаанчыл болот”, – деп билдиришти синоптиктер.

Синоптиктер жакынкы апталарда Жетысу облусунда жаан-чачын болорун божомолдоп жатышат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы 700 миңден ашык киши жашаган 255 калктуу конушту суу каптоо коркунучу бар экенин кабарлаган.

Казакстанда жаз мезгилдеринде суу ташкындары көп катталат. Өткөн жылы Батыш-Казакстан облусунда 185 үйдү суу каптаган. 2018-жылы Чыгыш Казакстанда сел жүрсө, 2010-жылы мартта Алматы облусундагы селден 45 киши өлгөн.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар