Казакстандын элдик партиясы кезексиз президенттик шайлоодо Токаевди колдоп, талапкер көрсөтпөйт

 Казакстандын элдик партиясы кезексиз президенттик шайлоодо Токаевди колдоп, талапкер көрсөтпөйт

Казакстандын элдик партиясы күзүндө өтө турган кезексиз президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөй турганын билдирди.

“Буга чейин билдиргенибиздей эле кезексиз президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин колдойбуз. Ошондой эле президенттин 1-сентябрдагы элге кайрылуусунда айтылган өзгөрүүлөрдү да толук колдоого алабыз”, – деп жазылган партиянын бейшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Казакстандын элдик партиясы 2023-жылга белгиленип жаткан парламенттик шайлоого катышууга даяр экени белгиленген.

Буга чейин Токаев күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Мындан тышкары ал кийинки жылдын биринчи жарымында мажилиске жана бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоо өткөрүү ниетин айткан.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, кезексиз президенттик шайлоо мамлекет башчынын чечими менен дайындалып, добуш берүү эки айдын ичинде өтөт.

Токаевдин ыйгарым укуктары 2024-жылы аяктайт. Ал президенттик кызматка 2019-жылы келген.

 

Жанылыктар