Казакстандык журналист операторунун эки автоунаасы жарылып кеткенин кабарлады

 Казакстандык журналист операторунун эки автоунаасы жарылып кеткенин кабарлады

YouTube-дагы «Гиперборей» каналынын автору, Алматылык журналист Вадим Борейко соцтармактардагы баракчасына 20-февралга караган түнү операторунун эки автоунаасы жарылганын кабарлады.

«20-февралга караган түнү менин операторумдун эки машинеси үйүнүн жанында жарылып кетти», — деп жазды Борейко.

Бул окуя боюнча полиция сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Соттук, техникалык экспертиза дайындалды.

Акыркы жарым жылда Казакстанда журналисттерге кол салуу учурлары көбөйдү.

14-январда алматылык журналист Динара Егеубаева белгисиз адамдар автоунаасын өрттөп кеткенин билдирген.

18-январда Ulysmedia.kz сайтына хакердик чабуул жасалып, сайттын негизги бетине башкы редактор Самал Ибраеванын жеке маалыматтары чыккан. Алардын арасында Ибраеванын үй-бүлөсүнүн буга чейин эч жерде жарыяланбаган сүрөттөрү да болгон.

Ага улай белгисиз кишилер түнчүндө журналист Вадим Борейко жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги эшикке сүрөт тартып, батиринин эшигине курулушта пайдаланыла турган көбүк чачып кетишкен.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошкон. Өлкө «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар