Казакстандан ЖККУ аскерлери толугу менен чыгып кетти

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти. Кечээ, 19-январда коңшу өлкөнүн Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Олжас Хусаинов: “Бүгүнкү күндө Казакстандын аймагында чет өлкөлөрдүн аскерлери жок”, — деп билдирди.
Эске салсак, суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу Казакстанда тынчтык митингдери 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Акция башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолуп, күчөп кеткен.
6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Ошол эле күнү Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшкөн.
Ал эми, Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү 7-январда барган.
11-январда Токаев мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан. Аскерлер 13-январдан баштап чыгарыла баштаган жана жараян 10 күнгө чейин созулары кабарланган.
Расмий маалыматтар боюнча тополоңдо каза болгондордун саны 227 кишиге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.