Казакстандан 14 кыргызстандык алынып келинди

Кечээ, 9-январда Алматы шаарындагы Башкы консулдук 14 кыргыз жаранын эвакуациялада. Алардын ичинде аялдар жана балдар бар экенин ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрлик мындан тышкары Нур-Султан шаары менен авиа каттам токтоп тургандыктан 15 кыргыз жаранын темир жол аркылуу алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдады.
Мындан сырткары, 6-январда ТИМ жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирген. Атайын уюштурулган транспорт менен кыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус, бир тажик, бир өзбек жараны келген.