Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды Камчыбек Ташиев жетектейт

Бүгүн, 6-январда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Казакстандын жалпы аймагында чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн учурдагы коомдук-саясий абал талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу ыктымалдыгы боюнча күч ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамаларын укту. Ошондой эле финансы-экономикалык блоктун министрликтерине республиканын банк тутумунун үзгүлтүксүз ишин, ошондой эле азык-түлүк, отун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуусу боюнча тапшырмалар берилди. Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму Кеңешинин чечимине ылайык, Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана уюмдун алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт. Министрлер кабинети тарабынан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүүнү демилгелөө чечими кабыл алынды. Жогорку Кеңештин жыйынында баяндамачы катары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ошондой эле ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлдү.