Казакстандагы башаламандыкта жабыркаган Чолпонбек Сыдыковго Бишкек мэриясы 50 миң сом жардам көрсөттү  

 Казакстандагы башаламандыкта жабыркаган Чолпонбек Сыдыковго Бишкек мэриясы 50 миң сом жардам көрсөттү  

Казакстандагы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковго Бишкек шаарынын мэриясы колдоо көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сыдыковго колдоо ирээтинде муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Эске алсак, 5-январда коңшу Казакстанда болгон башаламандыкта жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылган.

Жанылыктар