Казакстандагы башаламандыкта дагы бир кыргыз жараны каза болду

Коңшу Казакстандагы башаламандыктарда эки жараны каза болуп, бешөө кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Алматыда 33 жаштагы кыргызстандык каза болуп, бешөө кармалганын билдирген. Ошондой эле, Шымкентте 33 мекендеш кармалып, текшерүү иш-чараларынан кийин кайра бошотулган.
УКМК каза болгон экинчи жарандын туугандары аныкталып, байланышка чыгышканын белгиледи. Бирок, азырынча толук маалыматтар чыга элек.
Атайын кызмат, ИИМ жана ТИМ Казакстандын тийиштүү органдары менен иштешип кыргыз жарандарына саясий-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүп жатканы айтылды.
Кыргыз бийлиги мекендештерди коңшу өлкөдө тынчтыкты сактап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.