Казакстандын президенттигине эки адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү

 Казакстандын президенттигине эки адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү

Казакстанда Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын атынан президенттик шайлоого Нурлан Ауесбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

65 жаштагы Нурлан Ауесбаев Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын Астанадагы бөлүмүн башкарат. Ал буга чейин курч саясий же социалдык-экономикалык маселелер боюнча кандайдыр бир билдирүү жасаган эмес. Коомчулук арасында бейтааныш.

Ауесбаев – президенттик шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн экинчи адам. 30-сентябрда “Ауыл” партиясы Жигули Дайрабаевдин талапкерлигин тандаган. Ал пенсионер жана коомчулук арасында таанымал эмес.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин Казакстандын азыркы мамлекеттик башчысы, 69 жаштагы Касым-Жомарт Токаев да билдирген. Анын талапкерлиги “Аманат” партиясынын 6-октябрда өтө турган съездинде көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.

Жанылыктар