Казакстанда парламенттеги үч партияны каржылоого жылына 17,4 млн доллар бөлүнөт

 Казакстанда парламенттеги үч партияны каржылоого жылына 17,4 млн доллар бөлүнөт

Казакстанда мажилистеги үч партияны –  «Аманат», «Ак жол»  жана Казакстандын элдик партиясын каржылоого бюджеттен жылына 8 миллиард теңге (17,4 миллион доллар) бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министри – премьер-министрдин орун басары Ерулан Жамаубаев билдирди.

Министр башкаруучу «Аманат» партиясын каржылоого миллиард доллар бөлүнөрү тууралуу маалымат туура эмес экенин айтты.

«Мыйзам менен кабыл алынган белгилүү бир эсептөө бар. Ага карап каражат бөлүнөт. Жалпысынан алгандан үч партияга жылына 8 млрд теңге бөлүнөт», — деди Ерулан Жамаубаев.

2022–2024-жылдары саясий партияларды каржылоого республикалык бюджеттен 8,4 миллиард теңге каралган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар