Казакстанда окуучуларга кол салган өспүрүм камакка алынды

Бүгүн, 15-февралда Петропавл шаарынын тергөө соту окуучуларга балта жана бычак менен кол салган өспүрүмдүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Петропавл полициясы 9-класстын окуучусуна карата киши өлтүрүүгө аракет жасоо айыбы менен кылмыш ишин козгоду.
Бул иш боюнча калган маалымат тергөө жүрүп жатканына байланыштуу жарыяланбай турганы белгиленди.
13-февралда Казакстандын Петропавл шаарында 9-класстын окуучусу өзү окуган №4 орто мектепке балта жана бычак алып барып, үч курдашын жарадар кылган. Өспүрүм психиатрдын каттоосунда турган.