Казакстанда Ми-8 тик учагы кырсыкка учурап, төрт киши каза болду

 Казакстанда Ми-8 тик учагы кырсыкка учурап, төрт киши каза болду

23-февралда Түндүк Казакстан облусундагы Чапурино конушунан алты чакырым алыстыкта Ми-8 тик учагы ийгиликсиз конуп, алты киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул туурасында өлкөнүн Жарандык авиация комитети өзүнүн Telegram-каналы аркылуу кабарлады.

Маалыматка караганда, “Казтрансойл” компаниясынын заказы менен мунай куурун айланып учуп жүргөн тик учакта беш экипаж мүчөсү жана эки жүргүнчү болгон.

Облустун саламаттык сактоо башкармалыгы жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Жарандык авиация комитети кабарлагандай, 2022-жылы өндүрүлгөн Ми-8АМТ тик учагы “Казавиаспас” акционердик коомуна таандык. ӨКМдин маалыматына караганда, тик учак быйыл январда кезектеги техникалык тейлөөдөн өткөн.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар