Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

 Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Ушул жылдын октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү Роза Карибжанова менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана жакында өтө турган иш-чараны талкуулашты.

Жолугушуу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду. Казак тарап Кыргызстандын маданият ишмерлерин эл аралык “Алем саз” каада-салт фестивалына катышууга чакырды.

Буга чейин эки өлкөнүн маданият министрлеринин жолугушуусунда Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтө турганын билдиришип, мындай иш-чаралар мамлекеттер ортосундагы карым-катнашты бекемдей турганын белгилешкен.

Жанылыктар