Казакстанда кезексиз президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды

 Казакстанда кезексиз президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт. Бул боюнча президенттин жарлыгы жарыяланды.

Анда Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи.

Буга чейин Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунуштаган. Мунун артынан эле Казакстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик ыйгарым укуктун мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылды.

Өлкөнү үч жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаев келерки шайлоого катышат. Эгер 20-ноябрдагы шайлоодо утса ал бийлик башында жалпысынан 10 жыл отурат.

Байкоочулар шайлоону атаандаштык шартында өткөрүүгө убакыт жетишсиз болуп калганын айтышууда.

Жанылыктар