Казакстанда кармалган төрт кыргызстандык жаран бошотулду

Бүгүн, 15-январь күнү Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт Кыргызстандык жаран абактан кое берилди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казакстандагы Өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.
Учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казакстандын аймагында калышаарын билдиришкен.
Өз кезегинде кыргызстандыктар Кыргызстандын ИИМнин Казакстандагы Өкүлчүлүгүнө жана Кыргызстандын Башкы консулдугуна ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.
“Дүйнө кайдыгер эмес, сезимтал, ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр адамдарга кармалып турат. Сиздердин жардам өтө баалуу жана эч качан унутулбайт” — деп белгилешти.