Казакстанда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелген Кыргызстандын жараны кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери чек арадан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кыргыз жаранын кармашты. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Министрликтен билдиришкендей, кармалган адам Ысык-Көл облусунун Түп районунда мал жайып жүргөн тургун экени аныкталды. Ал Алматы облусунун Каскелен шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
«Учурда Башкы консулдук тарабынан Т.А.О. аттуу кыргыз жаранына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш-чарлар жүрүп жатат. Министрлик окуянын ачык жана объективдүү тергелишин камсыз кылуу үчүн Башкы консулдукка Казакстандын тиешелүү органдары менен активдүү иштешүү тапшырмасын берди. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Быйыл январда Казакстанда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген шек менен Кыргызстандын 22 жаштагы жараны Сыймык Өмүрбек уулу кармалган. Анын апасы окуя Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айткан.
Февралда сот Өмүрбек уулуна айыппул жана Казакстандын аймагына беш жылга кирүүгө тыюу салган өкүм чыгарган.