Казакстанда өрттүн кесепетинен жашы жете элек эгиздер каза болду

Өрт учурунда 2017-жылы туулган балдар үйдө жалгыз болушкан, деп жазат казак басылмалары.
Өрт 2022-жылдын 3-февралында кечинде Актөбө облусунун Кызылжар айылында жеке турак үйдөн чыккан. Ал учурда балдардын ата-энелери жумушта болушкан. Өрттүн аянты 8 чарчы метрди түзгөн.
Өрткө каршы күрөшүү кызматы келгенге чейин ыктыярдуу өрткө каршы бөлүктөрүнүн күчтөрү тарабынан өрт өчүрүлгөн. Жакынкы өрт бекетине чейинки аралык 80 км.
Актөбө облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн экенин белгиледи.