Казакстан реэкспортту көзөмөлдөөнү күчөтөт

Казакстан 1-апрелден тарта өлкөгө реэкспорт аркылуу кирген товарларга онлайн-көзөмөл жүргүзүү системасын колдонууну пландоодо. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады.
«Биз экинчи даражадагы санкцияларга байланыштуу тобокелчиликтерди түшүнүп турабыз, ошондуктан бардык өнөктөштөр менен жүргүзгөн өз ара соодага кылдат көз салабыз», – деген басылманын маектештеринин бири. Анын айтымында, Казакстан реэкспорттун тобокелдиктерин азайтуу боюнча туруктуу иш алып барат.
Казакстандын Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, 2022-жылы Казакстандан Орусияга товарлардын экспорту 25% көбөйгөн.
Евростаттын маалыматына караганда, санкциялар киргизилгенден кийин – 2022-жылдын март айынан ноябрь айына чейин Европадан Орусияга экспорт мурдагы жылдын ушул мезгилине караганда 47% төмөндөгөн. Ошол эле маалда Европа товарларынын Орусияга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө – Беларус, Армения, Казакстан, Грузия, Өзбекстан жана Кыргызстанга экспорту 48% өскөн.