Казакстан БШКсы: Токаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырбайт

 Казакстан БШКсы: Токаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырбайт

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка талапкер болуп жаткандарга коюлган “бардык талаптарга жооп бере турганын” билдирди.

БШК Токаевдин өкүлдөрүнө кол топтоо үчүн атайын баракчаларды берүү чечимин кабыл алды. Казакстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлер жалпы шайлоочулардын 1% кем эмесинин же 118 миңден ашык кишинин колун топтошу керек. Ошондой эле мыйзам боюнча өлкөнүн учурдагы президенти лингвистикалык сынактан да бошотулат. Буга байланыштуу 69 жаштагы Токаев талапкерлер үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырбайт.

Токаев президенттик кызматка ондогон уюмдун, анын ичинде парламенттеги үч партиянын атынан талапкер катары көрсөтүлдү.  6-октябрда бул партиялар жана коомчулукка кеңири таанымал эмес уюмдар “элдик коалицияга” бириккен.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. Мыйзам боюнча ага саясий партиялар же республикалык маанидеги коомдук уюмдар гана талапкер көрсөтө алышат.

Бүгүнкү күнгө карата президенттик кызматка алты адам талапкерлигин койду.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Андан кийин Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол коюп, президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартып, мамлекет башчынын экинчи мөөнөткө шайлануу укугун алып салган.

 

Жанылыктар