Казакстан: бороондо жолдо калган өзбек жана тажик мигранттары мектеп менен мечитке жайгаштырылды

Бороондон улам жолдо калган Өзбекстан менен Тажикстандын 220 жараны Казакстандын Актөбө облусундагы Карабутак айылынын мечитине жайгаштырылды.
Маалыматка караганда, мигранттар Орусиянын Москва жана Самара шаарларына баратышкан. Самара-Чымкент трассасынын 968-чакырымында бороон башталып, айдоочулар Карабутак айылына токтоого аргасыз болушкан.
Белгилүү болгондой, бурганактан жана жолдордун тайгактыгынан улам 24-февралга карата аймактын жети районундагы трассалар жабылып, калктуу конуштардын чыга бериштеринде автоунаа тыгындары пайда болду. Куткаруучулар кар күрткүгө тыгылып калган унаалардан 13 кишини алып чыгышты. Мындан тышкары жылбай калган транспорт каражаттарынан 520 адам эвакуацияланып, жылытуу жайларына жеткирилди. Алардын арасында автобустар менен бараткан Өзбекстандын 136 жана Тажикстандын 110 жараны бар.
23-февралдан бери аба ырайынын начарлашынан улам Актөбө облусундагы трассалар убактылуу жабылган.