Казак журналисти президентти борбордун атын кайра өзгөртүүгө чакырды

 Казак журналисти президентти борбордун атын кайра өзгөртүүгө чакырды

Белгилүү казакстандык журналист Серик Абас-Шах президент Касым-Жомарт Токаевди борбор калааны мурдагы аты – Астанага кайтарууга чакырды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Алардын айтымында, журналист мамлекет башчыга дагы бир топ талап койду:

-Нурсултан Назарбаевдин урматына коюлган бардык көчөлөрдүн аттарын  алып салуу;

— биринчи президенттин эстеликтерин алып салуу;

— мамлекеттин биринчи башчысынын канцеляриясын каржылоону токтотуу;

-боршайкомдун төрагасы Берик Имашев  (Назарбаевдин кудасы) кызматынан бошотулсун, БШКны жана шайлоо системасын реформалоо;

-мамлекет башчынын администрациясы, парламент жана сот органдары тарабынан массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү практикасын токтотуу. Сөз жана сөз эркиндигин камсыз кылуу;

-облустардан баштап  айылдарга чейин акимдерди шайлоону камсыз кылуу;

-башкаруучу партиянын мурунку атын Нур Отандан «Отанга» (мекенге) кайтаруу;

-сот системасына чыныгы көз карандысыздык берүү.

Журналисттин  жогорудагы талаптарын   1000ден ашуун казакстандык колдоду.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Жанылыктар