Казак-өзбек чек арасындагы “Навои-Капланбек” өткөрмө бекети убактылуу жабылат

 Казак-өзбек чек арасындагы “Навои-Капланбек” өткөрмө бекети убактылуу жабылат

Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы “Навои-Капланбек” көзөмөл-өткөрмө бекети 1-ноябрдан баштап 19 айга жабылат.

Ташкент облусунун администрациясы кабарлагандай, көзөмөл-өткөрмө бекетте казак тарап жаңылоо иштерин жүргүзөт.

Августта Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин башчысы Данияр Жаналинов 2022-2023-жылдары тогуз автоунаа жана бир темир жол өткөрмө бекетинде модернизация жана техникалык жаңылоо иштери пландалып жатканын кабарлаган.

Казак тараптын эсеби боюнча бекеттердин автоунаа өткөрүү мүмкүндүгү 8 эсеге көбөйүп, аларды тейлөө тездейт. Мындан тышкары бизнес жараяндарды автоматташтыруу, бажы көзөмөлүн борборлоштуруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу боюнча чаралар ишке ашары айтылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар