Казак өкмөтү башаламандык маалында канча адам жаракат алганын айтты

 Казак өкмөтү башаламандык маалында канча адам жаракат алганын айтты

 

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда 62 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Казакстандын ар кайсы регионундагы массалык башаламандыктын кесепетинен миңден ашуун адам жаракат алды. Бул туурасында “Хабар 24” мамлекеттик телеканалынан айтылды.

Аталган телеканал Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат алган.

“Казакстандын ар кайсы регионунда жаракат алгандардын саны миңден ашат. Анын ичинен 400 адам ооруканада дарыланууда, 62 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мындан сырткары, дарыгерлерге да кол салуу болуп, 10дон ашык медик жабыркаган”, — деп билдирген телеканал.

Азырынча каза болгондор туурасында маалымат жок.

Кечээ, 5-январда, Казакстандын ИИМи күч түзүмдөрүнүн 317 кызматкери жаракат алып, сегизи набыт болгонун билдирген. Ал эми бүгүн түндө Алматыдагы полициянын имараттарына чабуул койгон ондогон адамдын жок кылынганы кабарланган.

Жанылыктар