Катар Германия курама командасынын учагын кабыл алуудан баш тартты. Себеби

 Катар Германия курама командасынын учагын кабыл алуудан баш тартты. Себеби

Катар өкмөтү фюзеляжында ЛГБТ деген ураан түшүрүлгөн Германия курама командасынын атайын учагын кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу 21-ноябрда арабиялык Mqalaty порталы билдирди.

Буга Lufthansa авиалайнеринин бортундагы бир нече адамдын сүрөтү себеп болгон. Бийлик аны өлкөдө кабыл алынгыс гомосексуализмди пропагандалоо менен байланыштырган.

Германия курама командасы 17-ноябрда дүйнөлүк чемпионаттын кожоюну болгон Катарга бир күн мурун жолдоштук беттеште Оманды жеңгенден кийин келди.

Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын ачылышында Эквадор курама командасы Катар курамасын 2:0 эсебинде утуп алды. Катардын дарбазасына эки голду тең чабуулчу жана Эквадор курамасынын капитаны Эннер Валенсия киргизди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар