Катар дүйнөлүк чемпионаттын ачылышындагы жеңиш үчүн Эквадор оюнчуларына пара берген деп айыпталууда

 Катар дүйнөлүк чемпионаттын ачылышындагы жеңиш үчүн Эквадор оюнчуларына пара берген деп айыпталууда

Катар дүйнөлүк чемпионаттын ачылышында жеңишти камсыз кылуу үчүн сегиз эквадор оюнчусуна пара берген. Бул тууралуу журналист Амджад Тах билдиргенин Известия сайты жазды.  

«Катар эквадордук сегиз оюнчуга матчта жеңилүү үчүн 7,4 миллион доллар пара берген (0:1, экинчи таймда гол). Муну Катар менен Эквадор командасы тараптан беш булак тастыктады», — деп жазган журналист өзүнүн Twitter баракчасында.

Журналисттин айтымында, “дүйнө ФИФАдагы коррупция менен күрөшүшү керек”.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда футбол боюнча 2022-жылкы дүйнө чемпионаты өтөт. Анда 32 улуттук курама команда беттешет.

Ал эми  дүйнө чемпионатынын ачылыш оюнун Катар менен Эквадор курамалары ойнойт. Экөө тең чүчүкулак менен “А” тайпасына кирди. Беттеш 21-ноябрда Эль-Хаур шаарындагы “Эль-Байт” стадионунда өтөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар