Каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жоопко тартуу демилгеси комитетте колдоо тапты

 Каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жоопко тартуу демилгеси комитетте колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды.

Долбоорду депутат Шаирбек Ташиев демилгелеген.

Ташиевдин айтымында, аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын бардык жарандарына жарнамадан финансылык пирамидага алып келүүчү жоопкерчиликти түзүү, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

“Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин, мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Анын үстүнө, бул кылмыш жоопкерчилигине алып келет”, – деди Шаирбек Ташиев.

Өз кезегинде депутат Карим Ханджеза мыйзам долбоору боюнча прокуратуранын пикирине кызыкты.

Көзөмөл органынын өкүлү концепциясын колдоорун айтып, бирок бир катар өзгөртүүлөрдү экинчи окууга чейин киргизүү зарылчылыгы бар экенин кошумчалады.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков чындыгында эле каржы пирамидаларын жарнамалоого байланышкан наарычылыктар көп экенин жүйө келтирди.

 “Таанымал инсандар жарнамалаган компанияга ишенип алып, алдангандар көп болууда. Андыктан тергөө амалдарын туура жүргүзүп, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлушу керек”, – деди эл өкүлү.

Жыйынтыгында каралган мыйзам долбоорлору тармактык комитет тарабынан жактырылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар